Адахан Мадумаров административдик ресурс колдонууга айыпталууда

БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Адахан Мадумаровдун үстүнөн түшкөн арызды БШКнын оперативдүү координациялык тобуна жөнөттү.

Кайрылууда Куршаб айылында үгүт иш-чарасынын алкагында Мадумаровду жашы жете элек кыздар тосуп алып, улуттук тамак-аш менен сыйланганы айтылат. Буга байланыштуу Мадумаров административдик ресурс колдонгон деп шектелүүдө.

Бул факты боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы текшерүү жүргүзүп жатканын билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтөт. 54 адам пропорционалдык система боюнча (партиялардан талапкерлердин ачык тизмеси боюнча), 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз