Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат

Депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүндө сурак берүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматкар караганда, Мадумаров бүгүн суракка чакырылганы такталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча күбө катары сурак берип жатат.

Эске салсак, 2021-жылдын ноябрь айында президент Садыр Жапаров Баткен облустук телеканалына берген маегинде облустун жерлерин сатуу боюнча иликтөө иштери жакында башталарын билдирген. «Азыр шайлоо процесси жүрүп жатат. Бул учурда биз суракка ала албайсыз. Шайлоодон кийин суракка алып, тыкыр иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз. Саткындардын эскирүү мөөнөтү болбошу керек», — деген президент. Анда Адахан Мадумаров депутаттыкка талапкер болгон.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз