Адахан Мадумаров сурактан чыкты

Депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурадагы сурактан чыкты.Саясатчы эмне үчүн чакырылганын түшүндүргөн жок.
«Мен бул жакка сый-урмат үчүн гана келдим. Эртең менен дарбазаны ачсам, үйүмдүн сыртында 10 чакты адам туруптур. Алардын арасында Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын кызматкерлери болгон. Анан мени Башкы прокуратурага алып келишти. Тергөө иштери начар жүрүп жатат. Бул иш мага эле эмес, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрүнө да тиешелүү. Орозайым Нарматовага тынбай телефон чалышат. Маселен, сессия саат 23.00дө аяктап, кеңседе эки адам турган. Көрсө, алар аны күтүп жатышкан экен. Балким, алар саясатка жакында эле келген адам болсо эле, коркутуп-үркүтүүгө болот деп ойлошот окшойт», — деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча суракка чакырылганы маалымдалган.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз