Азимбек Бекназаров менен Адахан Мадумаров жекеме-жеке суралат

Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурага суракка чакырылды.
Бекназаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка алынары белгиленген. Суракка депутат Адахан Мадумаров да чакырылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Бекназаров менен Мадумаровдун бетме-бет суралат.
Эске салсак, 2009-жылы Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп, эки мамлекеттин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жетекчилиги астында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жумушчу жолугушуусунун протоколуна тажик тарап менен кол койгон. Документке ылайык, кыргыз тарап Тажикстандан 5 гектар, узундугу 275 метр болгон жер тилкесин 49 жылга ижарага алган. Протокол Худжентте өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынды. Чиновниктер демаркация жана делимитация аяктаганга чейин мамлекеттик чек ара сызыгында экономикалык ишмердүүлүккө тыюу салуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюунун ички процедураларын шайкеш келтирип жатышкан.
Бул 5 гектарды Тажикстан дагы деле өзүнүн жери деп эсептейт. Кыргызстан бул жерди чек аранын эсепке алынбаган тилкеси деп атайт.
Тергөө Адахан Мадумаровдун мындай протоколго кол коюуга укугу жок деп эсептейт.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз