Азык-түлүк жана дан эгиндерин экспорттоого тыюу салынды

Улукбек Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер каралды.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кабинеттин башчысы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чечимдерди жарыялады.

 “Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн тышкары айрым айыл чарба продукцияларын экспорттоого тыюу салынууда.  Кеп буудай, буудай уну, шекер, күрүч, өсүмдүк майы жана тооктун жумурткасы жөнүндө болуп жатат.  Ошондой эле тоютка болгон баанын өсүшү байкалууда.  Буга байланыштуу тоюттун: чөптү, курама тоютту, жүгөрүнү, арпаны экспорттоого толук тыюу салынат », — деди Улукбек Марипов.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз