Активисттер Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушуна каршы

Бишкекте активисттер, юристтер, экологдор жана архитекторлор жыйынга чогулуп, министрлер кабинетине Ысык-Көлдүн биосфералык зонасына Асман шаарын куруу долбоорунан баш тартуу талабын талкуулашты.
Активист Рыспек Байзаков Ысык-Көл облусуна шаар куруу чоң жаңылыштык деп эсептейт.

«Тилекке каршы Кыргызстандын калкы эки лагерге — бизнес жана жарандык коомго бөлүнгөн. Ар кимдин өз көйгөйү бар. Граждандык балдарды бакканга кантип акча табам, бизнес уурдаган акчаны кайда салам деп ойлойт. Асман уурдалган каражатка курулат, бул акчаны суюлтуунун абдан ыңгайлуу жолу. Документтерге ылайык, бардык иштер үлүштүк катышуу формасында аткарылат, бирок иш жүзүндө андай эмес.
«Асмандын» курулушуна бирибиз акционер болобуз дейли, менин акчам ишке кетпейт, чөнтөгүмө кетет. Шаар – бул жөн эле көп кабаттуу үйлөрдүн тобу эмес, өзүнүн заводдору, ТЭЦтери бар инфраструктура. Бул бүтүндөй Ысык-Көл үчүн кыйроо болот. Туризмди өнүктүрөбүз десек, Асманды эмес, стратегияны иштеп чыгышыбыз керек», — деди ал.

Активисттер долбоорду жокко чыгарууну талап кылган петицияга да кол коюшту.
Буга чейин президенттин мурдагы кеңешчиси, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Сабиров Асман шаарын франциялык курулуш компаниясы кураарын, бирок анын аты белгисиз экенин билдирген.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз