Акылбек Жапаров Билим берүү министрлигинде кезексиз жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги менен кезексиз жыйын өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, ал министрликтин учурдагы иштери жана пландары менен таанышып, билим берүү тармагында учурдун талабына ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгиледи.
«Өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн бардыгы биргелешип иш алып баруу зарыл болгон учур келди», — деди Акылбек Жапаров.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билим жана илим экономиканы алдыга жылдыруунун локомотиви экенин белгилеп, министрлик калктын билим деңгээлин көтөрүүгө бардык күч-аракетин жумшап жатканын билдирди.

Алина Калысова:

Өз кезегинде Акылбек Жапаров билим берүү тармагына аткаруу бийлиги тарабынан колдоо көрсөтүү күчөтүлөрүн убада кылды.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз