Акылбек Жапаров ЖККУнун жыйынында Казакстанда кармалган кыргызстандыктар тууралуу сөз кылды

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун ордуна Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезексиз онлайн сессиясына катышты. Анда сөз сүйлөп, Казакстандагы тополоңго тиешеси бар делген кыргызстандыктар тууралуу маселе көтөрдү.

«Акыркы күндөрү жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде кыргызстандыктардын Казакстандагы тополоңдорго, баш аламандыкка тиешеси бар экени тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Ушундан улам ар бир катталган учурга байланыштуу Казакстандын мыйзамдары менен эки жана көп тараптуу макулдашууларга ылайык акыйкат териштирүү жүрөт деген өтүнүч жана ишеним билдиребиз», -деди Жапаров.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев казак бийлигин соңку окуяларды иликтеп-териштирүүдө «риториканы өзгөртүшү керектигин, кыргызстандыктарды террорчулукка айыптоо туура эместигин» билдирген.

Буга чейин казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

Кыргызстандын Казастандагы элчилигинин маалыматына ылайык, 10-январга карата Казакстанда беш кыргыз жараны кармалган жана алардын тек-жайы такталып жатат.

Алматы шаарында кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулуп, учурда Бишкекке келе жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султан, Алматы, Бишкек шаарындагы ыкчам жардам берүүчү топторго 2-январдан бери миңдей кыргызстандык жардам сурап кайрылган жана жарандарды мекенине кайтаруу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын «Азаттыкка» билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги бир катар шаарлардагы кыргызстандыктар менен байланышып жатат.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз