Алайда алгачкы жолу театр фестивалы өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театры тартуулайт.

Өлкөдөгү карантиндик кыйын кырдаалга байланыштуу бир топ театралдык фестивалдар, ири маданий иш чаралар өткөрүлбөй келген. Эми абал кыйла турукташып, театрлар кайрадан калкыбызга кучагын кенен жайып чакырууда. Тактап айтканда Алай районунун Гүлчө айылында «Тоо театрларынын I республикалык фестивалы» старт алганы турат.
Фестивалга:

  • М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театры,
  • К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театры,
  • К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театры,
  • Наманган облустук музыкалык-драма театры,
  • С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры,
  • К. Акиев атындагы Жумгал музыкалык-драма театры,
  • Н. Шамурзаев атындагы Ош куурчак театры ошондой эле үй ээси катары Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театры катышат.

Аталган иш чараны Алай театрынын директору КРнын эмгек сиңирген артисти, актёр-режиссёр Алымкул Исаков демилгелеп жүзөгө ашырууда.

Фестиваль КРнын Президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн жана ЖКнын депутаты Улан Примовдун башкы демөөрчүлүгү астында өтүүдө.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз