Алымкадыр Бейшеналиевге каршы чыккан үч бөлүм башчы кызматтан алынды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мекеменин Юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевди, Коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованы жана Өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраеваны иштен алды. Мекенин басма сөз кызматы алар «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 37-беренеси менен (мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу) кызматтан бошотулганын билдирди.
Аты аталган адамдар буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мындан эки аптадай мурун Бейшенлаиевдин орун басарлары жана бөлүм башчылары басма сөз жыйынын өткөрүп, жетекчини кызматтан алуу тууралуу өлкө башчыларына кайрылган. Анда министрдин өзүн алып жүрүүсү, кызматкерлерге орой мамилеси жана кадрларды кызматтан негизсиз алышы өңдүү себептерди аташкан. Ошондой эле министрликтин борбордук аппаратында да моралдык абал оорлошуп кеткени, Бейшеналиев сынак менен дайындалчу кызмат орундарына да «өз билгениндей дайындоолоорду жүргүзүп жатканы» айтылган.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз