«Альянс» жана «Азаттык» партиялары мөөнөтүнөн мурда үгүт жасоо боюнча текшерилет

БШКнын жумушчу тобу «Азаттык» партиясын жана Ош АШКсы «Альянс» партиясын мөөнөтүнөн мурда үгүт жасоо фактысына текшерет. Маалым болгондой, 20-октбярда Фейсбуктун Исламбек Чотобаев аттуу колдонуучу «Азаттык» партиясынын талапкери Бактыбек Калмаматовду колдоп видео чыгарган.
Анда партиянын алдынкы он талапкеринин тизмедеги номуру менен сүрөтү коюлуп, ал музыка менен коштолгон. Талапкерлердин арасында экс-депутаттар Бактыбек Калмаматов, Жылдызкан Жолдошева, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, легендарлуу парламенттин экс-спикери Медеткан Шеримкулова жана экс-элчи Ибрагим Жунусов бар.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы Руслан Изреков бул факты боюнча «Бул мөөнөтүнөн мурда үгүт жүгүзүү болот. Мен видеону көрүп, БШКнын маалымат берүү жана үгүт боюнча жумушчу топко жөнөттүм. Алар көрүп өздөрүнүн чечимин чыгарып, чара колдонушат», — деди ал.
Мындан сырткары, Ош шаарында «Альянс» саясий партиясынын талапкери Жибек Ахмедова жашыруун үгүт жүргүзүп жатат делген видео «Ынтымак» телеканалында жарыяланган.
Анда Ахмедова өзүнүн таанышына Whatsapp мессенжери аркылуу чалып, ага добуш берүүгө үгүттөгөн. Ошондой эле, жазылып алынган тасмада талапкердин бир катар убадаларды бергенин угууга болот.
«Партиямдын аталышы “Альянс”, №48 номурдамын. Ар бир кайрылып аткан адамыңа менин атымды, катар номеримди жаттатасың. Канча кол чогултуп берсең, мага отчёт берип турасың. Бошогонуңда мага жазып байланышып тур», — деген депутаттыкка талапкер.
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бакыт Алматов аталган факт үгүт иштерине кирээрин ырастаган. Алматов БШКдан үгүт иштерине расмий уруксат берилмейинче үгүт жүргүзүүгө болбой турганын белгилеген.
«Эгерде депутаттыкка талапкер убадаларды берип, катардагы номерин жана аты-жөнүн айтып добуш берүүгө үндөгөн болсо үгүт иштерине кирет. Мындай фактыларга сөзсүз түрдө чара колдонулат», — деген Алматов.

Булак: Клооп

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз