Аскар Акаев пандамемиянын өнүгүшүнө илимий математикалык изилдөө жасады

Кыргызстандын биринчи президенти, учурда Орусияда илимий ишмердүүлүк менен алектенип жүргөн Аскар Акаев жана Москва мамлекеттик университетинин ректору Садовничий пандемиянын өнүгүшүүнө математикалык изилдөө жүргүзүшүп, келечекте инфекциянын саны кыскарарын божомолдоду.
Бул тууралуу макала РБК.ru басылмасына жарыяланды.
“Экс-президент Акаев жана ректор Садовничий: COVID 2023-жылы жеңил формага өтөт
Москва мамлекеттик университетинин ректору Садовничий менен Россиянын Илимдер академиясынын академиги, Кыргызстандын туңгуч президенти А.Акаевдин айтымында, 2023-жылдын башына карата COVID өтө жеңил формада өтөт же инфекциялардын саны абдан азаят.
Москва мамлекеттик университетинин окумуштуулары коронавирустун пандемиясынын өнүгүшүнө математикалык изилдөө жүргүзүшүп, келечекте оору жеңил болушу мүмкүн деген тыянакка келишкенин университеттин ректору Виктор Садовничий билдирди. Изилдөөгө Россиянын Илимдер академиясынын чет өлкөлүк академиги, Кыргызстандын биринчи президенти А.Акаев катышты.
«Академик Аскар Акаев экөөбүз макала-прогноз жазганбыз. Биз математик катары бул толкундарды да, мутацияларды да алдын ала көргөнбүз. Вирус тирүү үй-бүлө, ал өз жашоосу үчүн күрөшүп жатат. Экинчи жагынан, ага жашоо үчүн адам керек жана компромисс табылат «, — деди Садовничий пресс-конференцияда.
Ректордун айтымында, прогноз боюнча «компромисс табылат» жана келечекте COVID-19 алгылыктуу деңгээлге түшөт: оору өтө жеңил болот, же аз санда болот. Окумуштуулар бул 2023-жылдын башында болот деп үмүттөнүшөт, деди Садовничий. Садовничий өткөн аптада ОТРге берген маегинде Москва мамлекеттик университетинде инфекциянын жайылышын болжолдоочу моделдин даярдалышы тууралуу айтып берди. Окумуштуу ошол эле учурда «математикалык модель жашоо эмес» жана «ар кандай мутацияларда бурулуштар болушу мүмкүн» деп баса белгилеген. Бирок, ал бул прогноз ишке ашарына ишенет, анткени
«Адатта Аскар Акаевич менен биздин моделдерибиз так болуп келген, алардын жардамы менен кризисти алдын ала айтышкан жана дал келген».

Акаев Москва мамлекеттик университетинин Татаал системаларды математикалык изилдөө институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, техника илимдеринин доктору, 2006-жылы Россиянын Илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү болуп шайланган. Ал МГИМОнун ардактуу доктору, Жогорку Экономика мектебинин илимий жетекчиси, Нью-Йорк Илимдер Академиясынын анык мүчөсү. 150дөн ашык илимий эмгектин автору жана авторлоштору болуп саналат.”-деп жазылат макалада.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз