Асылбек Жээнбекдун тарапташтары аны бошотууну талап кылып митингге чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратынын жанында Кумтөр боюнча камакта жаткан экс-спикер Асылбек Жээнбековду колдоо митинги өтүүдө.
Митингчилер аны камактан бошотууну талап кылышууда.
Мурдагы жана азыркы депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Исхак Пирматовго “Кумтөр” иши боюнча айып тагылып, Пирматов айыпка жыгылган. Бул ишке тиешеси бар дагы бир адам, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду. Талант Узакбаев, Темир Сариев, Жоомарт Оторбаев жана Алмазбек Баатырбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп үй кам агына чыккан.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков менен биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев камакта. Колдоочулар камакка алууну саясий буйрутма катары баалап жатышат.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз