Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышуудан баш тартты

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс -президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча соттук териштирүү уланууда.
Жыйындар залына Кой-Таш окуясына айыпталган парламенттин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана экс-депутат Равшан Дженбеков келишти. Ал эми
экс-президент сотко келген эмес. Коштоочулар Атамбаевдин камерасынан чыкпагандыгы тууралуу акт көрсөтүштү.
Алмазбек Атамбаев өзү ден соолугу начар болгонуна байланыштуу сотту ансыз өткөрүүнү суранып акт жазып берген.
Эске салсак, экс- президент Алмазбек Атамбаевге каршы бир нече кылмыш иштери козголгон. Анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон баш аламандыктар, коррупция жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу.
Ал жакында эле Түркиянын жарандарына паспортторду мыйзамсыз берген, ошондой эле 2020 -жылдын октябрында баш аламандык уюштурган деп айыпталууда.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз