Байсалов TemirovLive каналынын иликтөөсү боюнча Ташиевдерди жактап чыкты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттердеги баракчасына журналист Болот Темиров Ташиевдин үй-бүлөсүнө байланышкан иликтөөнүн айланасындагы кырдаалга комментарий берди.
Ал TemirovLive каналынын журналисттери Камчыбек Ташиевдин уулунун бизнесин иликтөөдө фактыларды бурмалап жатат деп эсептейт.
«Манипуляциянын эмне деген күчү бар! «Тендерлерди Ташиевдин баласы ута баштады»,- деп катуу заголовок жазып. Ташиевдердин 25 жылдан бери бензин менен алектени келгени жалгнбы? Бул тууралуу баары билет! Жалпы кирешеси $300 болгон үч майда тендер табылыптыр,- деген Байсалов.
Эске салсак, бир нече күн мурун TemirovLive командасы Камчыбек Ташиевдин уулунун бизнеси тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда, Таймурас Ташиев Жалал-Абаддагы күйүүчү-майлоочу майларды алып келүү боюнча тендерлерди утуп алганын журналисттер аныкташкан. Бул компания Жалал-Абад шаардык кеңешине жана мэриясына бензин жеткирүү боюнча тендерди да утуп алган.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз