Башкы Прокуратура Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн мүлкүн камакка алууну көздөп жатабы?

Июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу»)беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.
Иш боюнча Kaktus.media сайты өздүк булактарына таянуу менен билдиргендей, тергөө тобунун тергөөчүсү Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнө кыймылсыз мүлк тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен төмөнкүдөй суроо-талап жөнөткөнү маалым болду:
Алмазбек Атамбаев;
Исмаил Исаков;
Бактыбек Алымбеков;
Бектура Асанова;
Кеңешбек Дүйшебаев;
Роза Отунбаева;
Азимбек Бекназаров;
Байтемир Ибраев;
Кубатбек Байболов.

Соттун өкүмүн аткаруу үчүн мүлктү камакка алуу жана мүмкүн болгон конфискациялоо, кылмыш менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маалымат суралганы көрсөтүлгөн.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз