Бишкекте жол кире 1-ноябрдан тарта кымбаттайт

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жол кирени жогорулатуу токтомунун долбоорун колдошту.
Мындай чечим бүгүнкү шаардык кеңештин сессияда кабыл алынды.
36 депутаттын 33ү макул, бирөө калыс, экөө каршы болду.
Ага ылайык, жарлык 1 -ноябрда күчүнө кирет. Менчик түрүнө карабастан кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубдан ашкан троллейбустарда жана автобустарда жүрүү 11 сом, туруктуу маршруттук таксилерде, кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубдан аз автобустарда — 15 сом болот .

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз