Бишкек шаарында 11 жаштагы өспүрүм баланы унаа сүзүп кетти. Бирок айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.
Бүгүн, 18-январда жабырлануучунун туугандары билдиргендей, кырсык кечээ, 17-январда кечки саат 19:30 чамасында Юнусалиев менен Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Күмүш түстөгү «Тойота Марк 2» унаасынын айдоочусу өспүрүмдү сүзүп кеткенден кийин, баланы унаасына отургузуп, үйүнө чейин жеткирип, чөнтөгүнө 200 сом салып туруп, изин жашырып кеткен.
Өспүрүм ооруканага жаткырылды. Анын ата-энеси окуянын күбөлөрүн 0 (777) 21-19-34 жана 0 (550) 62-30-53 телефон номурлары аркылуу байланышууну суранууда.
Ал Милициянын кайгуул кызматы айдоочу изделип жатканын кабарлады.
Жасалма диплому аныкталган чиновник УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган
Жергиликтүү бийлик өкүлү коопсуздук кызматкерине пара берүүгө аракет кылган