Бишкек мэриясы кичи автобустун айдоочусунан жабыркаган аялды издейт

Бишкек шаарынын мэриясы кичи автобустун айдоочусу менен болгон окуяда жабыркаган аялды издеп жатат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
«Шаардык мэрия айдоочунун кылыгына нааразы, ал жөн гана орой эмес, балалуу жүргүнчүгө да жоопкерчиликсиз мамиле кылган. Андыктан окуянын жабырлануучусунун пикирин сурайт», — деп белгилешти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, №203 кичи автобустун айдоочусу (мамлекеттик номуру 01KG 256ADP) балалуу аялды коляскасы менен алып кетүүдөн баш тартып, унаадан түртүп жиберген. Буга чейин Патрулдук кызмат башкармалыгы No203 каттамын тейлеген бардык бригаданын ишине текшерүү жүргүзүлгөнүн, техникалык эреже бузуу боюнча эки протокол түзүлүп, 10 миң сом айып пул салынганын билдирди.
Аял менен баланы түртүп жиберген айдоочу иштеген ЖЧК «Бригада Кеңеши» ташуучу компаниясы кара тизмеге киргизилип,айдоочу иштен алынды. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин «Майда хулигандык» беренеси менен иш козголду.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз