Бишкек шаарында муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратылууда

Кувейт кайрымдуулук фонду Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тургундарына колдоо көрсөтүп, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылып жатат. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 23-ноябрда шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, район башчысы Жамалбек Ырсалиев да 150 муктаж үй-бүлөгө катуу отун (ар бирине 10 каптан көмүр) таратууга катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин тараптар эки тараптуу кызматташуу жана өз ара жардам көрсөтүү маселелерин талкуулаган. Макулдашуулардын алкагында муктаж болгон үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыздоо боюнча планы ишке ашырылды.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз