Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү

Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү өтүп жатат. Буга чейин коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды жалпы улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялаган. Ага ылайык, өлкөнүн желектери төмөн түшүрүлүп, ЖМКлардан көңүл ачуучу программалар токтотулат.

Казакстандагы башаламандык учурунда 164 адам каза болгон. Анын ичинен экөө жаш бала, 18и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери.

Маалыматка караганда, Алматы шаарында 103, Кызыл-Ордо облусунда 21, Жамбыл облусунда 10, Алматы облусунда 8 адам курман болгон.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз