Гүлзат Мамытбек 25-ноябрга чейин Сизо-1ге киргизилди

Гүлзат Мамытбек деген каймана ат менен белгилүү блоггер жана активист Гүлзат Алымкулова СИЗО-1ге камалды Тергөөнүн алкагында ал 25-ноябрга чейин тергөө абагында болот.

Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Буга чейин милицияга 7 жаран кайрылып, алар Мамытбекти алдамчылыкка айыпташкан.

Алардын айтымында, ал «кыска убакытта супер киреше» деп убада берип, бирок жарандардан акча алып, убадасын аткарбай, изин жашырып кеткен.

Келтирилген зыяндын суммасы 110 миң доллардан ашкан. Бул фактылар КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен ЭПККга катталды.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз