Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу саясий жана административдик кызматтарды ээлеген аткаминерлердин эмгек өргүүсүн жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору боюнча маалымат каражаттарына комментарий берди. Документ анын авторулугу астында Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылган.
Бирок, ал бул мыйзам чыгаруу демилгеси менен чыкканын четке кагууда.
«16-майда Орусияга учуп кетип, Парламенттер аралык ассамблеянын ишине катышып, 22-майда келдим. Бул документке менин тиешем жок. Бул жерде, маселен, Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине кошумча сыйлыктар жөнүндө закондун долбоору меники. Мен танбайм.
Тескерисинче, менде дагы бир сунуш бар эле: депутаттык суроо-талаптарды кароонун мөөнөтүн 14 жумушчу күнгө чейин кыскартуу. Кыязы, кандайдыр бир ката кетти. Юристтер азыр тактап жатышат», — деди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, сунушталып жаткан долбоордо, кызмат адамдарынын негизги эмгек өргүүсүн көбөйтүү жөнүндө сөз болот. Эми алар 28 күндөн ашык эс ала алышат.