Жапаров коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду

Бүгүн, 28-сентябрда Президент Садыр Жапаров коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалыматты Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев маалымат жыйында билдирди.

«Бул мыйзам жүрөк-кан тамыр оорулары менен күрөшүүдө жардам берет», — деди ал. Ошондой эле ал жакында маалымат каражаттары мыйзам тууралуу маалыматтарды жарыялай турганын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июлдагы жыйында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин, никотиндин жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун кесепеттеринен коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбоорун жактырган.

Мыйзам долбоорунда коомдук жайларда тамеки тартууга, анын ичинде электрондук тамекиге, кальянга жана аралашмаларга тыюу салуу сунушталган. Ошондой эле кафе жана ресторандарда кальянга тыюу салынат.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз