Жапаров: Менин душмандарым бийликте эле эмес, эл ичинде да бар

Бүгүн, 22-ноябрда президент Садыр Жапаров Сокулук районундагы бир нече жаңы конуштардын жашоочулары менен болгон жолугушууда көмүрдүн баасы боюнча кырдаалга токтолду.
⠀Жергиликтүү тургундар ага нааразычылыктарын билдиришип, айрымдары президентке ишенерин, бирок анын иштешине тоскоол болгон душмандары көп экенин белгилешти. Бул пикирге президент да макул болуп, көмүрдү мисал кылып айтты.
«Менин душмандарым бийликте эле эмес, эл ичинде да бар, бир эле мисал келтирейин, көмүр. Мен бир айдан ашык убакыттан бери суранып келе жатам, бааны арзандаткыла, анткени бир машинадан 10-15 миң сом тапса болот. Бирок аларга сөзсүз 1 миң доллар керек.
⠀Айласы кеткенден өкмөт баарын өз колуна алып, бааны 3 миң сомго түшүрүп, азыр алар жумушсуз калышты», — деди ал.⠀
«Ооба, быйыл көмүр казуу кийинчерээк башталды. Эки жетекчи алмашып, саботаж болуп, 1-2 айдан кийин казып башташты. Бирок ошондо да ӨКМдин техникаларын колго алып, ишке киргиздик. Бирок. Ошондо да саботаж уланып, биз ал жакка куралчан Альфаны жөнөтүүгө аргасыз болдук. Азыр баары кадимкидей кен казуу иштери жүрүп жатат «, — деди президент.
Эске сала кетсек, буга чейин Жапаров көмүрдүн баасын тоннасына 3 миң сомго чейин түшүрүүнү тапшырган. Буга Кара-Кечеден келген жүк ташыган айдоочулар нааразы болушкан. Алар бензиндин баасы кескин көтөрүлүп, жадагалса күйүүчү майдын айрым түрлөрүнүн жетишсиздигинен улам көмүр менен иштөө аларга пайдасыз болуп жатканын айтып чыгышкан.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз