Жапаров: «Текебаев алжып калган же ич күйдүлүк кылып жатат»

Президент Садыр Жапаров «Арыба» сайтына жарыяланган маекте 24-ноябрда Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) Жогорку Кеңештин шайлоосуна байланыштуу дебатка катышкан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айткандарына жооп кайтарды. Текебаев ал жетектеген партия азыркы бийликке оппозиция экенин маалымдап, президент Садыр Жапаровдун бир нече күн мурун жаңы конуштардын тургундары менен жолугушканда айткан сөзүн сынга алган. Ошондой эле Кумтөр кени боюнча пикирин билдирген.

Мамлекет башчысы Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өткөнүнө токтолгон.

«Текебаев алжып калган же ич күйдүлүк кылып жатат. «Алжып калган» дегеним өзү көрүп турган эле жолду «мына ушул жол туура» деп эле көрүп тура берчү адат бар. Ошентип көгөрүп жүрүп акыркы он жылда мамлекетти сазга батырды. Маселени чечүүнүн башка жолдору толтура да. Кумтөр талаш жок 100% мамлекетке өттү. Чекит коюлду. Муну тигилер да моюндашты. Азыр кылмыш иштери жүрүп жатат. Бир топ аткаминерлер камалды. Тигилер тараптан да жоопко тартылчулар бар. Бир аз убакыт керек. Бүтөөрү менен жыйынтык чыгарабыз», — деген мамлекет башчы.

Жапаров маегинде Текебаев 2012-жылы Кумтөр кенин Кыргызстанга кайтаруу тууралуу маселе көтөрүлгөндө Атамбаевдин буйругун аткарып каршы чыкканын айткан.

«2012-жылы мен «Кумтөр мамлекетке өтсүн» деген маселе көтөрүп, Жогорку Кеңеш ызы-чуу түшүп турганда Текебаев фракциясын кабинетине чогултуп алып «атажуртчулар» ушул маселени көтөрүп чыгат, биздин арабызда жокпу көтөрүп чыкчулар деп фракциясын зекийт. Ичи күйөт… Кийин добуш берерде «Ата Мекен» фракциясы тобу менен добуш бербей залдан чыгып кетишкен», — деген президент.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчынын «Арыба» сайтына жарыяланган маегиндеги сөздөр бурмаланбаганын «Азаттыкка» билдирди.

КТРКдагы дебатта Өмүрбек Текебаев «Чындыкты айткандар душман» деп жарыялады.

«Садыр Жапаров саясий оппоненттерин эле эмес, кыштын суугуна үшүгөнүнөн, кымбат баалардын азабынан бүгүнкү кырдаалга нааразы болгон жөнөкөй адамдарды да өзүнүн душманы деп жарыялады. Президент – Конституциянын, элдин биримдигинин гаранты. Элди бөлүп-жарган президенттин статусуна туура келбейт”, — деген.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз