Жапаров: Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу олуттуу коркунуч жаратууда

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кырдаал олуттуу кооптонууну жаратып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Президенттин айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргызстан өзү өндүргөн базалык продуктулар менен эң аз дегенде 80% камсыз кылыш керек. Ал эми мамлекеттик материалдык резервдеги запастар калктын 90 күндүк муктаждыгын жабууга тийиш.

«Тилекке каршы, статистикалык маалыматтар көрсөтүп тургандай, азыркы учурда Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээли критикалык абалда турат. Өздүк өндүрүштүн эсебинен биз өзүбүздү нан азыктары, эт, шекер жана жумуртка сыяктуу продуктулар менен болгону 40%, ал эми өсүмдүк майы менен 24% гана камсыз кыла алабыз», — деди президент.

Өлкө башчысы бул багыттагы көйгөйлөр катары агро өнөр жай комплексин натыйжасыз башкаруу, суунун аз болуусу, мелиорациядагы көйгөйлөр, кургакчылык сыяктуу мисалдарды келтирди.

Пандемиядан кийин Кыргызстанда азык-түлүк, күйүүчү май жана башка керектелчү товарлар кымбаттады. Буга кошумча энергетикалык кризис тооруп, учурда баалар дагы өсүшү мүмкүнбү деген чочулоо күч.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз