Жасалма диплому аныкталган чиновник УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган

Жергиликтүү бийлик өкүлү коопсуздук кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин Аламүдүн районунун Пригородный айылынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешелери боюнча башкы адисинин жасалма диплому аныкталган.

«Ал өзүнүн дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн УКМКнын кызматкерине 160 миң сом өлчөмүндө пара сунуштап жаткан жеринен кармалды», — деп билдиришти башкармалыктан.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз