Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова бүгүн, 14-январда саат төрткө УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан партиясынын өкүлү Улан Канат уулу журналисттерге билдирген.

«Бирок кайсы маселеге байланыштуу суракка чакырылганынан маалыматым жок. Нарматованын өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбой жатат», -деди ал.
Атайын кызмат азырынча комментарий бере элек.
Мунун алдында аталган фракциянын лидери Адахан Мадумаров да Башкы прокуратурага сурак берип жатканы маалым болгон. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча күбө катары чакырылды.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз