Жогорку Кеңеш өкмөттүн экономикалык абал боюнча маалыматын угат

Парламент 19-январдагы жыйынында министрлер кабинетинин өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, жазгы-талаа жумуштарына карата даярдык жана коронавирустун жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматын угат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус менен ооругандар көбөйдү. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары. Буга байланыштуу борбор калаада 18-январдан тартып 10дон ашык мектеп жана бир бала бакча карантинге жабылды.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун «омикрон» штаммы катталганын, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын билдирген.

Парламенттин 90 депутаттан турган VII чакырылышы былтыр 29-декабрда ишин баштаган. Жогорку Кеңештин түзүмү спикер, анын үч орун басары жана сегиз комитеттен турат. Ушул жумадан тарта тармактык комитеттер иштей баштады.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз