Жолдошова: «Өз элибизге сатылган суу эмнеге Казакстанга бекер берилиши керек?»

 Саясатчы Жылдызкан Жолдошова президент Садыр Жапаровго кезектеги сунушу менен кайрылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган:
«Садыр иниме дагы бир сунуш.
Ачыгын айтканда касиеттүү Ысык-Көлүбүздө БАнын мамлекеттик башчыларынын төртүнчү Консультативтик жолугуушуулары жогорку деңгээлде өттү.
Баарыбыз кубандык жана сыймыктандык.
Кошуна өлкөлөр менен мындан ары да ынтымагыбыз бекемделе берсин, Президенттерибиз төмөнкү сүрөттөй бири-бирине болгон сый урматты, күлүп-жайнап көрсөтө беришине тилектешмин. Саясий маселени сүйлөшүү жолдор менен чечишип, сөздөрүнө бекем турушаарына ишенели. Айрыкча, Таджикстан республикасы менен…
Бирок, саясат…саясат жолу менен, ал эми эконимика…экономика жолу менен кетүүсү зарыл.
Садыр иним менин сунушум төмөндөгүчө:
Биз сыйлаган Турдакун Усубалиевтин «Вода дороже злата. Водные ресурсы Кыргызстана-это его национальное богатство»- деген китебин, өтө кунт коюп окуп чыгышыңы сунуштайт элем.
Жараткан бизге, эбегейсиз суу жана кен байлыктарын берген экен. Ушул маселелерде катачылык кетпеш керек эле…аттиң кетип жатат. Айтайын дегеним суубузга жана энергетика тармагына бир гана Өзүбүз ээ болсок. Башка жолдорун издесеңер, чет өлкөлүк инвесторлорду таап, биздин мамлекетибиздин кызыкчылыгын гана эске алган. Ал эми, кошуна республикалар менен сый мамиледе болушубуз керек, азыр да…келечекте да. Суу маселеси дүйнө жүзүндө өтө актуалдуу маселе болуп бара жатат.
Башкача айтканда, Камбар-Ата 1ди кошуна өлкөлөр менен бирге курууга ашыкпасаң иним, күчтүү, көз каранды эмес, чыныгы мекенчил энергетиктер бар…ошолор менен акылдашсаң.
Экинчи сунушум…
Ким кол койду келишимге 330млн куб сууну үч жыл катары менен, Казакстанга берүү боюнча?
Ким болсо да, биздин мамлекетибиздин кызыкчылыгын көздөгөн эмес. Бул маселеге Камчыбек Ташиев көңүл бурат деп ишенип туралы. Анткени, Казакстан бизге кышында бир эле электро энергияны карызга берсе, биз июль айынан баштап аларга карызды электро энергия жана суу менен дагы кайтарып жатабыз. Айтайын дегеним, макул биз электро энергияга карызыбызды электро энергия менен кайтарып жаткан соң…а эмне үчүн сууну бекер берип жатабыз? Керек болсо, элибизге жана фермерлерибизге сууну сатып жатпайсыңарбы? 

Ушул суроолорго ачык-айкын коомчулукка жооп берсеңер туура болот.

Нефть, газ дагы жаратылыштын байлыктары…бирок, кошуна өлкөлөрү бизге сатышат…болгондо да олчойгон суммага?

Токтогул суу сактагычына суу толтуруу, содержать этүү ж.б. көптөгөн чыгымдарды талап кылат. Өз элибизге саткан сууну, эмне себептен Казакстанга бекер берилиши керек?

Кышка дейри, Токтогул суу сактагычында керектүү суу көлөмү топтолобу? Элибиз, кышында электро энергиясыз калбайбы?- деген суроолор да түшүнгөн инсандарды түйшөлтүп жатат.

Чындыкты айтсам, чычалабагыла. Элдин байлыгын абайлап иштеткиле…жоопкерчилиги өтө чоң.

Сөзүмдүн соңунда, мугалимдердин, чиновниктердин айлык акысын көбөйткөнүңөр, албетте жакшы.

Бирок, Садыр иним, карапайым элиң кымбатчылыктан, жумушсуздуктан, күч органдары, соттор тарабынан болуп жаткан адилетсиздиктен аябай, өтө кыйналып калды. Бул ачуу чындык.

Үчүнчү сунушум, баарынан мурда жөнөкөй, карапайым элиңе көңүл бурсаң, анткени биринчилерден болуп, мына ушул карапайым элиң Сага ишенген жана Сен Президент болсоң жашообуз оңолот деп үмүттөнгөн…

Садыр иним азыр да кеч эмес…бирок, Сенин убактың өтө тар», — деп жазган экс-депутат Жолдошева.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз