«Империя пиццы» кафеси менен милиция бөлүмүндө массалык тополоң чыгаргандар бошотулду

1-январында саат 06:00дөр чамасында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн 102 кызматына Лебединовка айылында жайгашкан кафеде бейбаштык фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБдин ыкчам тобу барып, белгисиз адамдар менен мушташкан жаш жигиттерди тынчытып, ажыратууга аракет кылышкан.

«Жаш балдар өздөрүн агрессивдүү алып жүрүү менен милиция кызматкерлерине баш ийбей, аларга кол салып, милиция кызматкерлеринин кийимдерин айрып салышкан», — деп айтылат маалыматта.

Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жардамга барышкан.

Кармалгандар райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип жатканда кызматтык «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү унаанын каптал айнегин жана Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн имаратында нөөмөт бөлүмүдүн айнектерин талкалаган.

Бул окуянын жүрүшүндө райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгендер:

  • 1995-жылы туулган Ж.Н. жана Я.А.
  • 1997-жылы туулган С.А.
  • 1998-жылы туулган Т.М.

Аларга Жазык кодексинин бир нече беренелери боюнча айып тагылып, убактылуу жайга киргизилген. Кийин сот тарабынан бошотулган.

Бул факты боюнча тергөө амалдары улантылып жатат.

Өздүк булактар мушташ «Империя пиццы» кафесинде болгонун билдирди.
ырасташты.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз