Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов отставкага кетет.

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов отставкага кетет. Бул тууралуу ал өзү 27-сентябрда, президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.
«Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу инвестициялар министри ээлеген кызматынан отставкага кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирди», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.
Мамлекет башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун отставкасын кабыл алууга даяр экенин билдирип, анын аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовго «Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини ыйгарылды.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз