Италияда Кыргызстан элчилиги ачылды

Италияда Кыргызстандын элчилигинин расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

«9-ноябрь күнү Кыргызстандын тышкы саясат боюнча ведомствосунун жетекчиси Руслан Казакбаев Италияга иш сапар менен барган. Анын алкагында элчилик расмий түрдө ишке киришип, салтанаттуу иш-чарага Италиянын тышкы иштер министринин орун басары М. Серени жана ал жакта окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар катышты», — деп айтылат билдирүүдө.

Казакбаев элчилик ачууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Италия тарапка ыраазычылык билдирип, ал эми бул өлкөнүн ТИМ өкүлү Кыргызстан менен кызматташууларга даяр экенин айтты.

Эмдиги жылы Кыргызстан менен Италиянын дипломатиялык алакасынын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы белгиленет.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз