(Сүрөт) Казакстандагы башаламандыкта Кыргызстандын бир жараны каза болду

Алматы шаарында болгон тополоң учурунда Кыргызстандын жараны каза болду. Бул маалыматты Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев тастыктады.

Интернеттен алынган маалыматтар боюнча, кыргызстандык жаран фитнес-машыктыруучу болуп иштеген. Анын жакындары өздүгүн аныкташкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 6-январь күнү кыргызстандык жаран үйүнө келе жатканда жарадар болгон абышкага жардам берип жаткан учурда ок тийген.

Каза болгон жарандын сүрөтү социалдык тармактарга тарады.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз