Казакстандагы кырдаал Кыргызстандагы бензиндин баасына кандай таасир этет?

Казакстанда акыркы болуп жаткан кырдаалга байланыштуу суюлтулган газга, бензинге жана дизелдик отунга (күйүүчү-майлоочу май) болгон бааларды 180 күнгө убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев социалдык-экономикалык абал боюнча жыйында билдирди.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов Tazabek’ке мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилиши жана коңшу өлкөдөгү курч кырдаал Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүгө кандай таасирин тийгизерин айтып берди.
Акыркы маалыматтарга караганда, Казакстан аркылуу республикага күйүүчү-майлоочу майларды ташуу штаттык режимде жүргүзүлүүдө, деди ал.
«Биз Казакстандан бензин сатып албайбыз. Азырынча коңшулар менен болгон кырдаал күйүүчү май менен камсыздоого кандай таасир эте турганын так айта албайбыз. Чек араларды жаап коюшса, анда биз чогулуп, канча корук (запас) бар экенин көрөбүз, ошондо конкреттүү жооп айтууга болот. Азырынча күйүүчү-майлоочу май штаттык режимде жеткирилип жатат», — деп түшүндүрдү Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз