Казакстанда башаламандыктан бизнеске келтирилген зыян 200,4 миллион доллардан ашык деп бааланууда

Нааразылык акцияларынан кийинки тополоңдо Казакстанда бизнеске келтирилген зыян 88,1 миллиард теңгеден (200,4 миллион доллардан ашык) ашты. Бул тууралуу “Атамекен” Улуттук ишкерлер палатасы билдирди.
«Бизнеске келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжолдуу эсептөөлөр боюнча 88,1 миллиард теңгеден ашыкты түздү. Алматыда — 86,8 миллиард теңге (197,4 миллион доллар), — деп айтылат билдирүүдө.
Казакстан Республикасынын Улуттук Ишкерлер палатасынын маалыматы боюнча, өлкөнүн он облусунда 920 жабыр тарткан ишкердик субъекти аныкталган, анын ичинде 856сы Алматы шаарында.
Учурда келтирилген зыянды эсептөө уланууда.
Эске салсак, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындык менен турукташууда. Өлкө боюнча маал-маалы менен интернет үзгүлтүккө учурап жатат.
Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеген. Анын өтүнүчү боюнча ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз