Казакстанда үч жаңы облус пайда болду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө үч жаңы облус түзүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Булар: Улуутау, Жетісу жана Абай экени такталган. Азыр өлкөдө 17 облус бар. Коңшу облустардан райондордун чыгып кетишинен улам жаңы түзүмдөр түзүлдү.

Буга чейин Казакстан элине кайрылуусунда Касым-Жомарт Токаев Абай аймагын борбору Семей шаарында түзүүнү сунуштаган.
Токаевдин дагы бир демилгеси мурдагы Жезказган облусунун аймагында Улуутау аймагын түзүү болду.

Казакстандын президенти Алматы облусун экиге – Жетисуу жана Алматы облустарына бөлүүнү сунуштады.
Ошентип, жаңы облустар пайда болгондон кийин Казакстан административдик жактан 20 аймактык бирдиктен: 17 облустан жана республикалык маанидеги үч шаардан турат.

Жарлык 8-июндан тарта күчүнө кирет.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз