Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды. Бул тууралуу коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Ал мамлекетке чыкынчылык кылган деп шектелүүдө.
Масимов Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилигинен үч күн мурда, Алматыдагы башаламандыктар башталган кезде бошотулган эле.
«Масимов жана башка бир нече киши мамлекетке чыкынчылык кылган деп шектелип, 6-январда тергөө абагына камалган»,- деп айтылат маалыматта. Атайын кызмат бул боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Алматыда нааразылык жүрүштөрү курчуп кеткен учурда Масимов кызматынан алынган эле. Ушул маалда Алматыда «антитеррордук операция» башталганы кабарланган. Масимовдун ордуна Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген Эрмек Сагимбаев дайындалганы белгилүү болду.
Масимов өлкөнун туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары айтылып жүрөт. 56 жаштагы Карим Масимов атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин бир нече жолу өкмөттү жетектеген.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз