Казакстан күйүүчү майды өлкөдөн сыртка чыгарууга тыюу салды

Казакстандын Энергетика министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, Казакстандын Каржы министрлиги жана Ички иштер министрлиги өлкөдөн бензин жана дизелдик отунду сыртка экспорттоого тыюу салуу боюнча биргелешкен буйрукка кол коюшту. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
«Казакстан Республикасынын аймагынан автотранспорт менен бензинди, дизель майын жана мунай продуктуларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга 6 айлык мөөнөткө тыюу салынды, буга майлоочу майларды кошпогондо газ цистерналарын да ташып чыгууга тыюу салынат», — деп айтылат документте.

Биргелешкен буйрук 2021-жылдын 21-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майларды негизинен Орусия менен Казакстандан импорттойт.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз