Каза болгон «Тазалыктын» кызматкеринин үй-бүлөсүнө мэрия 50 миң сом бөлөт

“Тазалык” ишканасынын каза болгон кызматкеринин үй-бүлөсүнө Бишкек мэриясынын резервдик фондунан 50 миң сом бөлүнөт. Мындан тышкары, компенсация Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык төлөнөт. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, бүгүн эртең менен “Тазалыкты”» кызматкерин унаа сүзүп, каза болгон. Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев окуя болгон жерге барган.
«Кырсык эртең мененки саат сегиздер чамасында болгону аныкталды. «Тазалыктын» каза болгон кызматкери толук формада болгон, анын ичинде чагылтуу элементтери бар атайын жилет болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, оң рулдуу унаанын айдоочусу ашып бара жатып жолдон адамды көргөн эмес», — деп белгилешти муниципалитеттен.
Иш сапардын жыйынтыгы менен шаар башчысы дем алыш күндөрү тазалыкчылардын борбордук көчөлөргө кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүүнү жана борбордук көчөлөрдү тазалоодо атайын техниканы максималдуу түрдө колдонууну тапшырды.
Эске салсак, буга чейин “Тазалык” ишканасынын дагы эки кызматкерин унаа сүзүп каза болгон.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз