Калмаматов: «Садыр Жапаров чет өлкөгө барып келген учактын бензинин актабай жатат»

Оппозициялык саясатчы Бактыбек Калмаматов жергиликтүү ютуб каналдардын бирине маек берип жатып, өлкөнүн тышкы саясаты жана Садыр Жапаровдун чет өлкөлөргө болгон сапарынан майнап чыкпай жатканын сындаган.

«Мен бир жыл мурда айткам, менин айтканым туура чыкты. Садыр Жапаров ууру-кескилердин колунда барымда калды. Бир жылда көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Бирок, тилекке каршы элге каршы өзгөрүүлөр болуп калды. 34 сомдук бензин 64 сомго чыкты. Тамак-ашка болгон баа асманды чапчып, эки эсеге көтөрүлдү. Эл свети жок калды, көмүрдүн үстүндө туруп көмүрү жок калды. Биз ушунчалык көп саясат менен алектенген экенбиз, кышка даярдыгыбыз жок келдик. Биздин 65% тоолуу регион экенибизди эске алып, кышка кыпындай да даярдыгы жок келдик. Шайлоого карата даярдык, кантип өзүбүздүн партияны, тарапташтарды жеңишке жеткиребиз деген чолок ойлор, бйиликтин колун кармап койду. Бүгүн оозго алып, ушундай укмуш иштерди жасадык деп айта турган бир да иш жок. Тышкы саясатыбыз абсолюттук банкроттук абалга келди. Садыр Жапаров чет өлкөгө барып келген учактын бензинин актабай жатат. Же чет өлкөдөн миллиарддаган акчаларды алып келгенин уктуңарбы? Мамлекетти чыгымга түшүрүп, көрүнгөн мамлекетке ойногону барып келе бербешибиз керек»,-дейт саясатчы Бактыбек Калмаматов

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз