Касым-Жоомарт Токаев аскерлерге эскертүүсүз ок атууга буйрук берди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев армияга ок атууга буйрук берди. Бул тууралуу ал өз кайрылуусунда билдирди.

«Укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук бердим. Чет өлкөдө маселени тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырып жатышат. Кылмышкер, адам өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн? Биз куралданган, даярдалган жергиликтүү жана чет өлкөлүк бандиттерге каршы турууга мажбур болдук. Аларды жок кылыш керек жана жакын арада ошондой болот», — деди казак президенти.

Ал ошондой эле ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жардамына токтолуп, аларга ыраазычылык билдирди.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз