Кочкордо жол кырсыгынан 4 адам каза болду

Кочкордо КамАЗ менен Audi 100 унаасы кагышып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 125-чакырымында (Теңдик айылы) КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Audi 100 үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам: 1999-жылы туулган М. уулу К. – эркек, 1950-жылы туулган И.К – аял, 2 кыз – 2009-жылы туулган С.А., 2017-жылы туулган С.А. каза болуп, 2 эркек 1999-жылы туулган М уулу Ы., 2006-жылы туулган Д.Ө. жабыркаган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз