Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагалыгына бекитилди

Жогорку Кеңеш Кубанычбек Бөкөнтаевди Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагалыгына бекитти. Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.
Жыйында 76 депутат «макул», 5 депутат «каршы» деп добуш берди.
Белгилей кетсек, Улуттук банктын мурдагы башчысы Толкунбек Абдыгулов кечээ кызматтан кеткен. Анын отставкасын Жогорку Кеңеш бүгүн кабыл алды. Ал Эл аралык валюта фондунун
Кыргызстан боюнча кеңешчиси болуп иштей турганы маалым болду.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз