Кумтөрдө өндүрүлгөн алтын боюнча Тениз Бөлтүрүк отчет берди

Министрлер кабинети «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылдагы иши тууралуу отчетун жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Отчетко ылайык, былтыр 14 миң 561 килограмм алтын өндүрүлгөн. Ишкана жыл башынан бери салык жана милдеттүү төлөмдөргө 13,6 миллиард сом которгон. Мындан улам төлөм 150% көбөйгөн.

Алтынды сатуудан түшкөн дүң кирише 856 миллион доллар болгон, анын 621 миллиону ишканага тышкы башкаруу киргизген учурда алынган.

«Тенгиз Бөлтүрүк быйылкы жылга карата пландары менен бөлүштү. 2022-жылы 17 тоннадан ашык алтын өндүрүү каралып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз