Кумтөр иши. Жээнбеков, Сарпашев, Зулпукаров жана Нарымбаев абакта калтырылды

Экс- вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Ушундай эле чечим Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровго карата да кабыл алынды.
Иш боюнча эки айыпталуучу тең 2022-жылдын 30-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда болушат.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасы узартылды.
Асылбек Жээнбеков менен Данияр Нарымбаев 2022-жылдын 30-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта болушат.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз