Кыргызстанда автоунаа жана мүлккө салык жогорулашы мүмкүн

Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн мүлк салыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, кечээ Жогорку Кеңеш
2021-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана 2022-жылдын бюджетинин долбоорун биринчи окууда жактырды. Белгиленген зор пландар аткарылган жок. 2022-жылдын апрелине чейин мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлыктарын көтөрөбүз деп убада беришкени менен бул чыгымдар бюджеттин өзүндө жок, министрлер кабинети аларды бекитпейт. Бекешевдин айтымында Министрлер кабинети айлыктарды көтөрүүгө кетчү чыгымдарды салыктарды көтөрүү менен толтурушу мүмкүн.
«Биз 400 миллиард сомдук бюджетти кабыл ала алган жокпуз. Андай киреше жок. Бирок кирешени 90 миллиард сомго көбөйтүү максаты бар. Бул үчүн мүлккө, кыймылдаткычынын көлөмү 3 кубдан ашкан автоунааларга, турак жайларга салыкты көбөйтүшөт. Кытайдан жүк ташуу көбөйөт, ошондой эле башкаруунун жакшырышына байланыштуу салык жыйымдары көбөйөт. Мындай нерсе капыстан болот деген оюм жок», — деди Дастан Бекешев.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз