Кыргызстанда кайрадан кумшекердин тартыштыгы жаралууда

Бишкекте жергиликтүү өндүрүлгөн кумшекердин 1 килограммы 90 сомдон 95 сомго чейин сатылууда. Ал эми кээ бир дүкөндөрдө кумшекер сатыкта жок.
«Ортосай» базарынын атын атагысы келбеген сатуучуларынын биринин айтымында, базарга жергиликтүү кумшекер «Кайыңды-Кант» заводунан өтө кымбат баада алынып келинүүдө.
«Бул кымбат, килограммы 95 сомдон. Биздин жергиликтүү монополистер Кайыңды-Кант кумшекеринин баасын Россия менен Белорусиядан алынып келинген баадай эле кылып койгон. Мындай кымбат кумшекерди эл алгысы келбейт, биз көп деле албайбыз», — деген сатуучу.
Базардагы мындай кырдаал Кыргызстан Казакстанга кумшекерди көп көлөмдө экспорттоп жатканы менен шартталган, бул тууралуу атын атагысы келбеген дагы бир сатуучу билдирди.
«Өлкөдө канттын жетишсиздиги бар, ал кымбат. Кайыңды-Кант Казакстанга кымбат баада сатат, ошон үчүн бизге кымбат баа коюшту. Кээ бир майда пункттарда 115 сомдон сатылууда», — деди ал.
“Ортосай” базарынын жанындагы гипермаркеттердин биринде кумшекер түштөн кийин гана жеткириле турганы айтылды.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз