Кыргызстанда орточо эмгек акысы 19 миң сомду түздү

Кыргызстанда 2021-жылдын январь-сентябрь айларында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 19 миң сомду (19 635) түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 9,5%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда маалымдалган.
Ал эми Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска ылайык, 2021-жылдын январь-сентябрь айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 232 долларды түздү.
Ошондой эле биринчи жарым жылдыкта калктын номиналдуу акчалай кирешеси 24%га өстү. Калктын кирешесинин негизги булактары болуп эмгек активдүүлүгү саналат, алардын кирешелеринин түзүмүндөгү үлүшү 68%ды, социалдык трансферттерден түшкөн кирешелер — 14,2%ды жана жеке көмөкчү чарбаларда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатуудан — 13,4%ти түздү.
Калктын жан башына орточо кирешеси Бишкек шаарында 329 сомго, Ысык-Көл облусунда 323 сомго жана Ош облусунда 247 сомго жогору болгон.
Чүй жана Жалал-Абад облустарынын калкынын кирешелери республика боюнча орточо көрсөткүчкө жакындады. Калктын жан башына эң төмөнкү киреше деңгээли Талас облусунда, Ош, Нарын жана Баткен облустарында байкалган.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз